“Грин-Карта” алуу башкача эрежеде өзгөртүлөт
Бөлүшүү:
Аны «Build America» деген аталыштагы жаңы программага алмаштыргысы келерин news.com сайты жазды.
Дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 55 000 адамга Америкада мыйзамдуу жашоо жана иштөө укугун берген Грин-карт лотереясын жоюну АКШнын президенти сунуштаган.
Бул программа «Build America» деген аталыштагы жаңы визага алмаштырылат. Система баллдык негизде ишке ашат. Мисалы жаш жумушчулар көбүрөөк балл алат. Анткени алар АКШнын экономикасы үчүн узагыраак иштешет. Ошондой эле көп упай өзгөчө жөндөмү, шыгы барларга каралат.
Антсе да аналитиктер Дональд Трамптын жаңы стратегиясын Конгресс туура көрөрүнөн күмөн санашууда.
Ссылка: https://barometr.kg/tramp-grin-kartty-zgrtkn-kaldy
Добавить комментарий ×