Трамп АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейлинин кызматтан кетүү өтүнүчүн кабыл алды

10 октябрь 2018 11:15 719 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШнын президенти АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейлинин кызматтан кетүү  өтүнүчүн кабыл алды. Президент Хейли мындан алты ай мурун бул кызматтан кетээрин эскертип, эс ала тургандыгын айткандыгын айтты. Мындан улам элчи ушул жылдын аягында кызматтан кете тургандыгын билдирди. Буга чейин чет элдик басылмалар жазгандай, Хейлинин кызматтан кетүү тууралуу өтүнүчү АКШнын ак үйүндө бир жума мурун талкууланган. Хейлинин бул сунушун көптөгөн кесиптештери күтүлбөгөн чечим экенин айтып таң калышкан. Никки Хейли бул кызматты өткөн жылдын январь айынан бери аркалап келген. Ал эми БУУдагы Орусиянын өкүлү Хейлинин бул кадамын өкүнүү менен кабыл алганын билдирди.  

“Хейли абдан күчтүү, башкалардан өзгөчө айырмаланып турчу, достук мамилеге мыкты жана өзгөчө мүнөзгө ээ болчу”? - дейт элчи. АКШ лидери Дональд Трамп  бул кызматка учурда Дины Пауэллдин талапкердиги каралып жаткандыгын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/tramp-akshnyn-buudagy-elchisi-nikki-hejlinin-kyzmattan-ket-tnchn-kabyl-aldy



Добавить комментарий