Дастанбек Жумабеков Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту
Төрага Дастанбек Жумабеков Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту . Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди . Бүгүн, 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын ЖогоркКеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Жолугушууда аталган аймактын социалдык-экономикалык көйгөйлөрү талкууга алынып, бир катар маселелер көтөрүлдү. Төрага Дастанбек Жумабеков аймактардагы жетишкендиктер өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгилеп: “Шаарлар менен алыскы айылдардагы жашоо-шарттын айырмачылыгын азайтуу аркылуу, калктын турмушун оңдоо мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Андыктан, акыркы жылдары айыл турмушун өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалып, мектеп, оорукана, жол, таза суу сыяктуу социалдык маселелерди чечүү башкы максат болууда. Айрыкча, өлкөнү санариптештирүү демилгесинин алкагында айылдарды байланыш, интернет менен камсыздоо аракетиарбын”, –деди. Ал эми Бейшеке айылдык кеңешинин депутаттары айрым маселелерге токтолуп, Төрага Дастанбек Жумабековдон аларды чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү. Анын ичинен бала бакча, мектеп жана сугат суу маселеси курч экенин белгиленди. Алсак, жергиликтүү кеңештин депутаты Балтабай Кайкиев Кара-Буура айылына бала бакча куруу зарылчылыгын айтса, дагы бир депутат Анисакан Шермаматова Бейшеке айылындагы 1972-жылы курулган мектепти капиталдык оңдой-түзөөдөн өткөрүү керектигин кошумчалады. Ушундай эле көйгөйлөр Кара-Суу айылында да бар экени айтылды. Өз кезегинде мындай жолугушуулар Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештердин ортосундагы байланышты бекемдеп, көйгөйлөрдүн тез арада чечилүүсүнө көмөкчү болорун айткан Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган маселелердин чечилишин өзкөзөмөлүнө аларын билдирди.
Добавить комментарий ×