Токмок шаарынын мэрин шайлоо 26-августка белгиленди
Бөлүшүү:
Шайоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия Чүй областынын Токмок шаарынын мэрин шайлоо күнүн белгиледи. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
Токмок шаардык кеңешинин кайрадан шайланган шаардык кеңешинин алгачкы сессиясы 9-августа болду.
Токмок шаарынын мэрин шайлоо 26-августта саат 09:00дөн 12:00гө чейинки аралыкта белгиленди.
Токмок аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону мыйзамга ылайык өткөрүү жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоону уюштуруу тапшырмасы берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/tokmok-shaarynyn-merin-shajloo-26-avgustka-belgilendi
Добавить комментарий ×