Тобу менен кыз зордуктоого катышкан жигит Бишкекте кармалды
Казакстанда тобу менен кыз зордуктоого катышкан жаран Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан оор кылмышка шектелип качып жүргөн Казакстандын жараны Шокан Абылкасымов 5-мартта Аламүдүн айылында кармалган.
Учурда ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Эскерте кетсек, 2017-жылы 23-июнда Астана шаарынын тургуну Саина Раисова зордуктоого кабылган. Бул окуя Казакстанда кызуу талкууланган. 26 жаштагы кыздын жигити ага таарынып, тобу менен зордуктоо ишин уюштуруп, аны телефонго тартып алып, кызды коркутушкан.
Кыз үчүнчү кабаттан кулап, катуу жаракат алган. Айыгып чыккандан кийин ал жигитерди сотко берип, кылмышкерлердин бири 10 жылга кесилген.Экинчи жигит (Бишкекте кармалганы) качып кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/tobu-menen-kyz-zorduktoogo-katyshkan-zhigit-bishkekte-karmaldy
Добавить комментарий ×