Түндүк Корея өтө чоң атомдук бомба жасадыбы?

21 сентябрь 2021 11:02 1141 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бир аз мурда жандоочтон тартылган сүрөттөр Түндүк Корея өзүнүн Йонбен өзөктүк куралдар комплексинде уранды байытуучу заводду кеңейтип жатканын көрсөтүүдө. Эксперттердин пикиринде аталган өлкө бомба жасаш үчүн материалдарды иштеп чыгууну көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу чет элдик ЖМКларга таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Түндүк Корея бир аз мурда өзүнүн ракеталарын сынап, АКШнын өзөктүк куралдарды жыйыштыруу боюнча дипломатиясы туңгуюкка такалган кезде чыңалууну күчөттү.

“Уранды байытуучу заводдун кеңейиши, Түндүк Корея Йонбёнде уранды казып алууну болжол менен 25 пайызга көбөйтөрүн билдирип турат”,-деп айтылат Монтереядагы Эл аралык изилдөөлөр институтунун отчетунда.

Maksar тарабынан жандоочтон тартылган сүрөттөр Йонбёндогу заводдун жаңы аянтынын курулушун көрсөттү.

“14-сентябрдагы сүрөттө жаңы аянт 1000 чарчы метрдей кеңейгенин көрүүгө болот, бул 1000дей кошумча центрифуганы жайгаштырууга жетишерлик болот”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Түндүк Корея Йонбёндеги ишканасында жогору байытылган уран жана плутонийден өзөктүк курал жасайт.

Ссылка: https://barometr.kg/tndk-koreya-t-cho-atomduk-bomba-zhasadyby



Добавить комментарий