Түндүк Америкадагы аралдын жээгине салмагы 11 млн тонна айсберг жээкке келип калган

26 июль 2018 00:15 2125 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Түндүк Америкадагы Гренландия аралына элдер жашаган аймактын жээгине салмагы 11 миллион тоннадай болгон муз суу менен жылып олтуруп келип калган. Анын бийиктиги 100 метрдей, башкача айтканда Лондондогу Биг Бендин бийиктигиндей деп билдирген CNN телеканалына даниялык Метеорология Институнун  изилдөөчүсү. 

"Биз көргөндөн эң чоң айсберг ушул болду"-деп билдиришет жергиликтүү эл. 52 жаштагы Кхан Кристенсен балык уулоо үчүн кайыгын аралдын башка жээгине токтотот. Анткени мурда дагы ушундай чоң муз 11 ге жакын кайыктарды талкалап кеткен. "Менин атам айткан, жээк жакка келип калган муз акырындап түбүнөн эрип баштайт жана бөлүктөргө бөлүнүп, кичирейип кетет деп, биз бул чоң муз дагы жээкте жашаган айылдагыларга зыяны тийбей кичирейип кетет деген үмүттөбүз"-деди балыкчы Кхан. 

Гренландиядагы метеорология институнун кызматкерлери азырынча  өтө коркунуч жараткан нерселер байкала элек деп билдиришти. 

Ссылка: https://barometr.kg/tndk-amerikadagy-araldyn-zheegine-salmagy-11-mln-tonna-ajsberg-zheekke-kelip-kalgan



Добавить комментарий