Өтмөк ашуусунда “Альянс Алтын” компаниясынын кызматкерлери калың жааган кардан жолду тазалашууда

11 март 2022 19:05 1882 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Альянс Алтын” Талас-Бишкек жолун тазалоого катышууда. Бул тууралуу компаниянын Басма соз кызматы билдирди.

“Жерүй” кенин иштетип жаткан “Альянс Алтын” ЖЧКсы Талас-Бишкек жолун тазалоого Транспорт министрлигинин кызматкерлери менен президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жардам берүү үчүн кызматкерлерин жана техникасын жөнөттү. 

Өтмөк ашуусундагы калың жааган кардын кесепеттери менен ишкананын оор жүк ташуучу унаалары экинчи күндөн бери күрөшүп жатышат. 

«Учурда ал жерде автотранспорт башкармалыгынын башчысы Бакыт Анапияев жетектеген «Альянс Алтын» ишканасынын сегиз кызматкери — айдоочулар, жүктөгүчтөр жана жол жумушчулары иштешет. Алар атайын техниканын үч бирдигин – алдыңкы жүктөгүчтү, бардык жерде жүрүүчү сүйрөөчү машинаны жана инерттүү материалдарды жана кум-шагылды кошуу үчүн самосвалды колдонушат. “Альянс Алтын” ишканасынын кызматкерлери эки нөөмөт менен иштешет. Алар жолду тазалап, ашуудагы кыймылды ачып гана тим болбостон, тыгылып калган жүк ташуучу унааларды, тракторлорду кар күрткүсүнөн чыгарууга да көмөктөшөт», - дейт Талас алтын кенинин башкы механигинин орун басары Тимур Оторбаев.

Ссылка: https://barometr.kg/tmk-ashuusunda-alyans-altyn-kompaniyasynyn-kyzmatkerlerikaly-zhaagan-kardan-zholdu-tazalashuuda



Добавить комментарий