Төлө Исаев саламаттык сактоо министринин орун басары болду
Бөлүшүү:
Саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Абылгазиевдин башка буйругу менен саламаттык сактоо министринин орун басары болуп Төлө Исаев дайындалды. Ал буга чейин аталган министрликтин оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаментинин директору болуп иштеген.
Ссылка: https://barometr.kg/tl-isaev-salamattyk-saktoo-ministrinin-orun-basary-boldu
Добавить комментарий ×