Үтүккө күйгөн дакты кантип кетирсе болот?
Кийимиңизди үтүккө күйгүзүп алсаңыз, аны дароо ыргытып жибербей туруңуз. Бул учурда төмөнкү кеңештер сизге жардамга келет.
1. Кийимиңизди үтүккө күйдүрүп алганда, андагы дак өтө деле чоң болбосо, аны дароо кир самын менен жууп салуу керек.
2. Күйүп калган кийимиңизди жылуу суу менен суулап, үстүнө соода сээп коюңуз. Кийин аны материал менен акырындап сүртүп коёсуз. Мындай ыкманы дак кеткиче кайталап жасасаңыз болот.
3. Жогорудагы кеңештер жардамга келбесе, дак болгон кийимиңизди суулап, үстүнө туз сээп коюңуз. Ал жибип калганда, кийим щетка менен абайлап тазалаңыз.
4. Үтүктөн калган дакты кетирүүнүн дагы бир жолу, ага лимон ширесин куюп, үстүнө шекер пудрасын сээп коёсуз. Бираз убакыт өткөндөн кийин аны жылуу суу менен жууп коюңуз.
5. Күйгөн дакты кетирүүнүн дагы бир жолу, ага перекись суусундугун куюп коюп, бираздан кийин жылуу суу менен жууп салуу керек.
Эгерде сизге төмөнкү кеңештер дагы жардамга келбесе, анда үтүккө күйүп калган кийимиңизди химиялык тазалоого бериңиз. Ага берип жатып кайсы каражаттарды колдонгонуңузду эскертип айтып коюңуз.
Ссылка: https://barometr.kg/tkk-kjgn-dakty-kantip-ketirse-bolot
Добавить комментарий ×