Тизме. Президент тогуз соттун ичинен бешөөнү тандады. Калгандары өтпөй калды
Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана аларды Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна, Ысык-Көл облустук сотуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта жазылгандай, 2018-жылдын 23-ноябрында мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, президент жергиликтүү сотторго 5 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.
Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, мамлекет башчысы 4 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайра кайтарып берди. Алардын бирөө Жогорку соттун судьялыгына жана үчөө жергиликтүү соттордун судьялыгына талапкер болгон.
Биринчи Жарлык менен Конституцияга ылайык мөөнөткө жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 5 талапкер дайындалды.
Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:
— Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна сотуна — Казыгулова Мээрим Эсенкановна;
— Ысык-Көл облустук сотуна — Борончиева Жаңыл Кубанычбековна;
— Бишкек шаардык сотуна — Карабеков Алмаз Маматбекович, Рыбалкина Антонина Дмитриевна, Сабитова Жамиля Сабитовна жиберилди.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ссылка: https://barometr.kg/tizme-prezident-toguz-sottun-ichinen-beshn-tandady-kalgandary-tpj-kaldy
Добавить комментарий ×