Тизме. Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

16 январь 2019 09:23 1043 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 16-январь күнү Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан маалымат кызматы Barometr.kg сайтына кабарлады.

Жарык өчүрүлө турган аймактар:

9.30дан 12.00гө чейин №4 кичирайон (№30-35 үйлөр);

9.30дан 17.00гө чейин Орто-Сай айылындагы Келдибек Карбоз уулу көчөсүндө;

9.30дан 18.00гө чейин Абай, Табалдиев, Медеров, Сагынбай манасчы, Москва, Тимирязев жана Жаш Гвардия бульвары менен Жал кичирайонунун айрым аймагы;

13.00дөн 15.00гө чейин №8 кичирайон (№40, 42 үйлөр);

13.00дөн 17.00гө чейин Орто-Сай айылынын Иманалиев, Рысмедиев жана Асанбаев көчөлөрү.

Адистер трансформаторлордун ишин карап, электр зымдарын оңдомокчу.

Ссылка: https://barometr.kg/tizme-bgn-bishkektin-ajrym-ajmaktarynda-elektr-zharygy-chrlt



Добавить комментарий