Тишти агартуунун оңой жолу

1 март 2019 10:59 1944 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тиштин сонун болуп агарып тургандыгы кимге гана жакпасын. Аны агартууда чоң мээнет деле талап кылынбайт. Дарыгерлердин айтымында кымбат баалуу тиш пасталар жана аш содасы тишти агартууга жардамга келе тургандыгын айтып келет. Биз сиздерге тиштин эмалын кетирбей агартуу жолун сунуштайбыз.

1.Күндөгүдөй тишиңизди тиш пастасы менен жууйсуз.

2.Тиш щёткаңызды жууп ага бир-эки тамчы чай дарагынын майын (чайное дерево) тамчылатасыз.

3.Тамчылатылган чай дарагынын майы менен тишиңизди кайра жууйсуз.

Жыйынтыгында сиздин тишиңиз агара түшкөнүн байкоого болот. Мындай тажрыйбаны жумасына эки-үч ирет жасап туруу керек. Бул ыкманы тынымсыз колдонуу дагы мыкты натыйжа берет. Чай дарагы майын дарыканалардан сатып ала аласыз. Сатып алууда анын жасалма кошулмалар кошулбагандыгына көңүл буруңуз.

Ссылка: https://barometr.kg/tishti-agartuunun-ooj-zholu



Добавить комментарий