Тиштин бекем, ак болуусуна таасир берген 10 азык
Тиш жуугуч щетка, тиш тазалоочу, жип жана ар кандай каражаттар анын сакталышын камыздайт. Бул абдан жакшы. Бирок тиштерге керектүү заттарды берүү менен туура тамактансак, ооз кѳңдѳйүнѳ тиешелүү ар кандай оорулардан алдын алабыз. Ошондой эле ооздон чыккан жагымсыз жыттардан арылабыз. Ар бир жеген тамагыбызды кылдаттык менен карап кабылдаганыбыз туура. Ден-соолугубузба зыян алып келбеген заттарды колдонгондо гана ар кандай ооруларды алдын алабыз. Barometr.kg маалымат агенттигине адистер берген кеңеш менен тааныштырабыз. Тиштин бекем, ак болуусуна таасир берген 10 азык.
Сүт
- Сүт –тиштерибиздин,сѳѳктѳрүбүздүн бекем болуучсун камсыздаган кальция,фосфат жана Д витаминине бай. Сүт азыктарын күнүгѳ организмге кабыл алсак, тиштин эмалын жана сѳѳктѳрдү бекемдейт.Эгер сиз веегетенианец болсоңуз же сүт азыктарына аллергияңыз болсо,анда соя сүтүн колдонуңуз. Оя жана бадам сүттѳрү кальцийге бай.
Сыр
- Сыр-тиштер үчүн эң керектүү продукт. Ооздогу шилекейдин чыгышын камсыздап, кальций фосфат менен камсыздайт. Андан тышкары ооздо бѳлүнүп чыккан кычкылды тең салмактайт. Бѳлүнүп чыккан кычкыл тиштин куртташына алып келет.
Алма
- Соо тиштерди кааласаңыз күнүгѳ алма жеп туруңуз. Алма шилекейдин жакшы чыгышын камсыздап, эмалдын сынык пайда болушун алдын алат, тиштин сырткы катмарын тазалап турат. Алма да витамидерге бай. Анда С витамини камтылган. Түшкү амактануудан кийин алма жесеңиз ооздогу калдыктарды тазалап кетет.
Апельсин
- Апельсинде тишке эң керек болгон С,Д жана кальций бар. Апельсиндин ширеси ооз кѳңдѳйүн тазалап, тишти бузуучу бактериялардан сактайт.Ар дайым апельсин ширесин ичип туруңуз.
Йогурт
- Табыйгый таза йогуртта белок менен кальций камтылган. Ар дайым дасторконуңузда колдонуу менен ,тиштерди эле сактабастан ичегилердин иштешин жакшыртасыз. Таттуусу ар кандай кошулмасы, түс берүүчү заттары жок йогурт гана пайдалуу.
Жаңгак
- Соо тиштерди камсыздоо үчүн семичке менен жаңгак жеген ѳтѳ пайдалуу. Аларда тишке керектүү минералдык заттар, витаминдер камтылган. Жаңгак клетчаткага, темирге, фолевой кслотасына, тиаминге, ниацинге,магний, Е жана В6 витаминдерине ѳтѳ бай.
Чай
- Эгер сиз чайды жакшы кѳрсѳңүз тиштериңизге пайда. Кара чай менен кѳк чай тиштин куртташына алып келген бактериялар менен күрѳшѳт. Кара чай менен кѳк чайда тиштин эмалына сынып жаракат алуусун алдын алат. Албетте, эгер чайды
Кара шоколад
- Ким ойлоптур кара шокалад да тиштер үчүн пайдалуу деп.Кара шокаладын курамында какао бар. Ал танинге бай.Танин тиштин жабыркашын, оозулуу болуунун алдын алып турат. Тиштин куртташынан сактайт. Ал кан айланууну жакшыртат. Кара шокаладдын курамындагы какаонун 80% кѳрсѳткүчү мене налган пайдалуу. Курамында кант болгонунун сактаныңыз.
Суу
- Ооз кѳңдѳйүнүн соо болушу үчүн суу чоң рол ойнойт. Шилекей жакшы чыгып турса, тиштер бекем болот. Эмальды бекемдѳѳ менен тиште калган калдыктарды жууп кетет.
Таттуусу жок сагыз
- Биздин тизмедеги пайдалуу зат, таттуучу жок сагыз. Тишти таза сактап,шилекей чыгышы жакшыртат. Шилекей ооздогу кычкылданган бактерияларды тазалап кетет. Тамактангандан кийин сагыз чайнаңыз. Соо тиш менен ооздон жагымдуу жыт чыгарат.
Ссылка: https://barometr.kg/tishter-chn-10-azyk-zat
Добавить комментарий ×