Тез жардам машинасы, көк бөрү жана футзал боюнча команда. Жерүй Таласта 2019-жылы 135 социалдык долбоорду колдоду
"Альянс-Алтын" компаниясы лицензиялык келишим боюнча 2016-жылдан бери Талас облусундагы "Бакубат Талас" фондуна үч транш менен 300 миллион сом которгон. Бул тууралуу "Барометр" сайтына аталган фондунун төрагасынын милдетин аткаруучу Бакыт Турсуналиев билдирди.
Анын айтымында, "Альянс-Алтын" компаниясы жыл сайын 2019-жылга чейин 100 миллион сомдон которуп келген.
"Андан сырткары быйыл 2020-жылга 150 миллион сом өлчөмүндөгү каражатты которду", — деди ал.
Белгилей кетсек, "Бакубат Талас" фонду "Альянс-Алтын" ЖЧКсы тарабынан негизделген. Ал өз кезегинде Жерүй кенин иштеткенге укук берген лицензияга ээлик кылат.
Турсуналиев айткандай, фонд 2019-жылы бөлүнгөн каражаттын 40 миллион сомун 135 социалдык долбоорду ишке ашырууга бөлгөн. Калган каражат "Бакубат Таластын" насыялоосуна жумшалат.
"Бизге муниципалдык, жергиликтүү администрациядан жана бийликтен жардам сурап кайрылышкандыктан түрдүү тармактагы долбоорлор көп. Аларды байкоочу кеңеш карап чыгып, андан кийин гана долбоорду колдоо үчүн каражат берилет", — деди ал.
Талас облусундагы негизги социалдык тармактардын бири билим берүү сектору болуп саналат. Бул жаатка 36 долбоорду ишке ашыруу үчүн 27 миллион сом бөлүнгөн.
"Өзүңүздөр билгендей, билим берүү мекемелеринин көпчүлүгүнүн имараттары эски жана оңдоого муктаж. Айрымдарынын чатыры, кээсинин эшигин же жылытуу системасын оңдоо керек", — деди ал.
Экинчи маанилүү тармак бул саламаттык сактоо. Бул жаатка дагы 5 миллион сом берилип, анын аркасы менен ондогон долбоор ишке ашты. Атап айтканда, Бакай-Ата районундагы оорукананын хирургия бөлүмү менен реанимациянын ортосуна коридор салынган. Ал буга чейин болгон эмес.
"Мурда бейтаптарды реанимациядан сыртка алып чыгып, андан кийин хирургия бөлүмүнө алып барышчу. Кышында аябай оор болчу. Азыр ал жакка коридор салынды", — деди ал.
Ошондой эле айылдардагы ФАПтардын имараттары оңдолуп, тез жардам кызматына автоунаа алынган. Эми бул биринчи жолу жасалган иш эмес. Буга чейин Долон айылына эки тез жардам унаасы алынган.
Ал эми социалдык коргоо тууралуу айта турган болсок, 2,7 миллион сомго 10 долбоор ишке ашырылды. Анын ичинде, афган согушунун ардегерлерине, апрель революциясынын баатырларына, Ата мекендик согуштун ардагерлерине материалдык жардам берилген. Андан сырткары аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен көп балалууларга көмүр таркатылган.
"Бакубат Талас" фонду спорт тармагындагы долбоорлорду дагы каржылай турганын белгилей кетүү керек. Бул жаатка 13,5 миллион сом бөлүнгөн. Атап айтканда, төрт спорт объектисин куруп, оңдоого, "Бакубат Талас" көк бөрү командасына акча бөлүнгөн. Аталган команда 2018-жылы өлкөдөгү мыкты команда деп аталган. Андан сырткары ушундай эле аталыштагы футзал боюнча команда бар. Алар Кыргызстанды жогорку лигасынын чемпионаттарына катышат.
Добавить комментарий ×