Террорчулардан жабыркагандарга чогулган каражат 9 млн 400 000 долларга жетти, жардамга 139 өлкө катышты

1 апрель 2019 17:56 1066 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы террордук кол салуудан каза тапкандардын жакындары жана жаракат алгандар үчүн ачылган кайрымдуулук эсебине 139 өлкөдөн 9 миллион 400 миң долларлык каражат чогулганы билдирилди. Бул тууралуу www.trt.net.tr басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жаңы Зеландиядагы жабырлануучуларга колдоо көрсөтүү топтору кеңеши тарабынан Крайстчерч кол салуудан жабыркагандар үчүн ачылган фондго түшкөн каражаттар 9 миллион доллардан ашты.

Жалпысынан 139 өлкөдөн 95 миң 419 киши тарабынан кайрымдуулук каражаты жиберилгени такталды.

15-мартта ачылган фондго которулган кайрымдуулук каражатынын суммасы 9 миллион 356 миң 601 долларга жетти.

Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы Аль Нур жана Линвуд мечиттерине болгон террордук кол салууда арасында аялдар жана балдар да болгон. Баардыгы 50 киши каза тапкан.

Ссылка: https://barometr.kg/terrorchulardan-zhabyrkagandarga-chogulgan-karazhat-9-mln-400-000-dollaga-zhetti-zhardamga-139-lk-katyshty



Добавить комментарий