Темирлан Султанбеков президенттик шайлоого катышуу оюн билдирди

13 ноябрь 2020 10:34 829 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Темирлан Султанбеков президенттик шайлоого катышууга оюу бар экенин айтып, БШКга арыз менен кайрыларын билдирди. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Конституциясы 35 жаштан баштап президенттикке талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк берет, мен болгону 22 жаштамын.

Бүгүн мен президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген талапкерлердин тизмесин карап чыктым, тилекке каршы, күчтүү, эрктүү, максаттуу адамдарды тапкан жокмун, алардын көпчүлүгү мурунку эле саясатчылар экен.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана өлкөнүн мыйзамдары шайлоонун айрым жагдайларын өзгөртүүгө жол бербейт. Мисалы, "баарына каршы" деген графа тууралуу.

Мен БШКга расмий түрдө кайрылгым келет, алар мага "баарына каршы" деген графаны каттатышсын, мен шайлоо күрөөсүн төлөөгө даярмын жана бир айда эмес, бир күндө 30 000 кол топтой алабыз.

Эгер БШК макул болсо, биз “баарына каршы” чоң команда түзүп, өлкө боюнча штабдарды ачып, ири масштабдагы үгүт иштерин жүргүзүп, улуттук каналдардагы дебаттарга катышып, бардык саясатчылардын жүзүн ачып, алардын чыныгы деңгээлин көрсөтөбүз.

Эгерде, “баарына каршы” деген графа жеңип чыкса, анда люстрация жасайбыз.  Президенттин кысымы жок, эл үчүн чындап пайдалуу конституциялык реформа жүргүзөбүз.

Эгер,  БШК баш тартса, кимди колдоого боло тургандыгын, кимдин пайдасы көбүрөөк экендигин көрөбүз”, - деп жазган ал.

Ссылка: https://barometr.kg/temirlan-sultanbekov-prezidenttik-shajloogo-katyshuu-oyun-ajtty-shajloo-krsn-tlp-bir-knd-30-000-kol-toptoj-alam



Добавить комментарий