Текебаев: Парламенттик шайлоону жазга чейин жылдыруу тууралуу жаңы мыйзам долбоору каралат

22 октябрь 2020 15:36 2859 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев "Ала-Ача" мамлекеттик резиденциясында журналисттерге парламенттик шайлоону жаз айларына чейин жылдырыруу тууралуу мыйзам сунуштала тургандыгын билдирди.

Ошону менен катары эле, Текебаев БШК бүгүндөн калбай президенттик шайлоонун мөөнөтүн бекитиши керектигин айтты.  Алдын ала маалыматта, президенттик шайлоону 10-январга же 17-январга белгиленерин айтты. 

"Өзүңүздөр билесиздер президенттик шайлоо январдын орто ченине белгиленсе, БШК буга чейин парламенттик шайлоону 20-декабрга белгилеген. Эки шайлоону бирдей өткөрүүгө биринчиден  бюджетте каражат жетишсиз, экинчиден коронавирус илдетинин көбөйүп жатышы көйгөй жаратат. Ошол себептен, парламенттик шайлоону жаз айларына жылдыра туруу үчүн жаңы мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз. Мыйзамга ылайык, шайлоо күнүн белгилөө убактысы боюнча ченемдер бар, бирок эпидемиологиялык, саясий жана экономикалык кырдаалды эске алып," Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө "конституциялык Мыйзамдын айрым жоболорун токтото туруу жөнүндө" жаңы мыйзам долбоорун демилгеледик. - деди Текебаев

Ошону менен катары эле, ал бул мыйзам долбоорго бир шарт менен кол койгонун айтты. 

"Мен бир шарт менен кол койдум. Менин талабым боюнча, парламенттик башкаруу системасы сакталып калышы керек. Бүгүн депутаттар бул мыйзамды колдобосо, мен өзүм кол койгонума карабай бул мыйзам долбоорун колдобой каршы добуш берем", - деп кошумчалады ал.

Ссылка: https://barometr.kg/tekebaev-parlamenttik-shajloonu-zhazga-chejin-zhyldyra-turuu-sunushtary-bolup-zhatat



Добавить комментарий