Текебаев менен Чотоновдун соту жылдырылды

23 апрель 2019 17:05 733 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку соттун судьялары Жаныл Мамбеталы, Арзыбек Акыев жана Болотбек Батыралиев  “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген жаңы мыйзамдын негизинде кайра кароону башташты. 

Прокурор Аракеев Чотонов жана Текебаев боюнча 18 томдук кылмыш иши менен таанышып чыгыш үчүн сотту жылдырууну өтүндү.  

Коргоо кескин каршы болду жана анын билдирүүсүн кесипкөй эместиктен келип чыккан билдирүү, ишти кароону атайлап создуктуруу аракети деп баалашты.

Бирок Жогорку сот прокуратураны колдоп чыгып ишти кароону 3-майга, саат 10:00гө жылдырды.

Азия Сасыкбаева сот залында “Уят! Мамлекеттик талкалап баратасыңар!” деп кыйкырды.

Ссылка: https://barometr.kg/tekebaev-menen-chotonovdun-sotu-zhyldyryldy



Добавить комментарий