Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча прокуратура айыптоону колдоодон баш тартты

13 апрель 2021 15:43 3622 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик айыптоочулар ӨмүрбекТекебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата алардын күнөөлөрү далилденбегендиктен, айыптоону колдоодон баш тартышты. Бул тууралуу баш прокуратуранын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 13-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда КРын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Текебаев Өмүрбек Чиркешович жана КРнын мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Чотонов Дүйшөнкул Тезекбаевичтерге карата жазык иш каралууда.

Аларга карата коррупция фактысы боюнча, Россия Федерациясынын жараны Леонид Маевскийден анын ишенимдүү адамын “Альфа Телеком” ЖАКун башкарууга киргизүү үчүн мыйзамсыз 1 (бир) миллион АКШ долларын алышкан деген негизде айыптар угузулган.

Иш боюнча жарыш сөздүн жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар Текебаев менен Чотоновдорго карата алардын күнөөлөрү далилденбегендиктен, айыптоону колдоодон баш тартышты.

Ссылка: https://barometr.kg/tekebaev-menen-chotonovdun-ishi-boyuncha-prokuratura-mamlekettik-ajyptoonu-koldoodon-bash-tartty



Добавить комментарий