ТЭЦ боюнча иш каралып жатканда судья жөтөлгөн аялды залдан чыгарды

18 март 2020 11:47 915 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаардык сотунда ТЭЦти модернизациялоо боюнча иш каралып жаткан учурда жөтөлгөн аял залдан чыгарылды.

Судья Ирина Воронцова жөтөлүп жаткан аялды үйүнө барып дарылануусун суранды.

“Бул жактагылардан кимдер жөтөлүп жатат? Карантин жарыяланбады беле. Үйүңүзгө барып дарыланыңыз. Өзүңүздү жана жакындарыңызга кам көрүңүз”, — деди судья.

Аял өнөкөт аллергиясы бар экенин, андыктан жөтөлүп жатканын айтты.

“Менде коронавирус жок”, — деп залдан чыгып кетти.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда дагы үч кишиден коронавирус табылганын маалымдап, элди паникага алдырбоого чакырган.

Ссылка: https://barometr.kg/tec-boyuncha-ish-karalyp-zhatkan-uchurda-zalda-zhtlgn-ayal-syrtka-chygaryldy



Добавить комментарий