Тоо аралап качып жүргөн: Дайынсыз болуп жаткан 4 киши тик учак менен Баткенге алынып келинди

19 сентябрь 2022 11:29 3093 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тажиктердин куралдуу кол салуусу учурунда өз үйлөрүнөн качып чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан 4 жаран тик учак менен Баткенге алынып келинди. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыштан улам төрт адамдын дайыны чыкпай жаткан.

"Изделип жаткан адамдар кечээ, 18-сентябрда табылды.

Чек арада жайгашкан айылдардын бири – Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары куралдуу кагылышуу учурунда Мойнок тоосу тарапты көздөй качып,  тоо арасында бекинип жатышкан.

Табылган 4 Ак-Сайлыктардын арасында кары адам болгондуктан да  жарандарды тик учак менен Баткенге алып келишкен", -деп айтылат маалыматта.


КР ПРЕСС-БОРБОР

Ссылка: https://barometr.kg/tazhikterdin-kuralduu-kol-saluusunda-jnn-kachyp-chygyp-dajynsyz-bolup-zhatkan-zharandar-tik-uchak-menen-batkenge-alynyp-kelindi



Добавить комментарий