Тажикстандын эл акыны Гоиб Мухаммад Айтматов атындагы эл аралык сыйлык алды

23 ноябрь 2019 12:30 2819 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коңшулаш мамлекеттердин шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынында Чынгыз Айтматов атындагы эл аралыктин ээси болуп, Тажикстандын эл акыны Гоиб Мухаммад аныкталды. Сыйлык тапшыруу аземи аталган ассамблеянынын 50-юблейлик жыйында болуп, Жогоку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева тапшырды. Вице-спикер өз сөзүндө залкар жазуучу Чынгыз Айтматов атындагы адабий сыйлык 2012-жылы уюштурулгандан бери, жыл сайын КМШ өлкөлөрүндөгү таанымал акын-жазуучуларга тапшырылып келе жаткандыгын билдирди.  

 “Бул жолу Айтматов атындагы адабий сыйлык Парламенттер аралык ассамблеянын токтому менен Тажикстандын эл акыны, Абуабдулло Рудаки атындагы  мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Гоиб Мухаммадга ыйгарылган. Бул бийик даражалуу сыйлык биздин лауреаттардын таланты менен чыгармачылык жетишкендиктерин белгилөө эле эмес, Шериктештиктеги элдердин достугун бекемдөөгө кошуп жаткан жеке салымдары үчүн ыраазычылык десек да болот”-деди А.Касымалиева. 

Ден соолугуна байланыштуу тилекке каршы Гоиб Мухаммад Санкт-Петербургга келе албаптыр. Ошого байланыштуу Айтматов атындагы адабий сыйлыктын ардак күбөлүгү, сыйлык менен кошо бериле турган 30 миң доллардын сертификаты Тажикстандын Мажлисинин торагасы Махмасаид Убайдуллоевге аманат катары тапышырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstandyn-el-akyny-goib-muhammad-ajtmatov-atyndagy-el-aralyk-syjlyk-aldy



Добавить комментарий