Таякеси унаага сүйрөткөн бала апасы экөө жолукту

2 май 2019 14:45 22143 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Акыры баланын апасы учуп келди. Бала чексиз кубанычта!”,-деп жазды «Баланын укуктарын коргоочулар” коомдук фонду.  

27-апрелде «Алтын Казык» жаңы конушунда  9 жаштагы баланы тарбияламак болгон таякеси аны арканга байлап алып унаа менен бир нече метрге чейин сүйрөтүп барган. Баланын апасы Россияда иштеп жүргөн. Ал туугандарынын колунда тарбияланып жаткан. Баланы сабаган таякеси камакка алынган, бирок сот аны камактан бошоткон. Учурда милиция бейбаштык боюнча  кылмыш ишин карап жатат.   

Баланын апасы бул окуядан кийин Кыргызстанга учуп келген.

 “Апасы үч сутка уктаган жок. Баардык тиешелүү маалыматтарды ал укук коргоо органдары менен соцкоргоо, акыйкатчыга берди. Жакынкы убакта ал баланы өзү гана багат”,-деп кабарлашты фонддон.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tayakesi-unaaga-sjrtkn-bala-apasy-ek-zholuktu



Добавить комментарий