Ташкенттеги кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктады
Ташкентте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынана таянып “Барометр” билдирет.
“Тараптар узундугу 94,5 км болгон кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук тилкесинин сүрөттөмө долбоорун жактырып, аны бекитишти. Координацияланбаган 10 бөлүмдүн бири дагы макулдашылып, бекитилди”, - деди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев,
Маалыматка ылайык, өкмөттүк делегациялардын биргелешкен жолугушуусу конструктивдүү жана достук кырдаалда өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки протоколго кол коюлуп, мындан ары да ушул жылдын аягына чейин жумушчу жолугушуулардын графиги бекитилди. Алар ай сайын жолуп, элдерибизди тынчсыздандырган чек ара маселелерин чечүү максатында иш алып барышары белгилүү болду.
Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын башчысы, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров сүйлөшүү процессинин жемиштүү болгонун белгиледи.
Добавить комментарий ×