Транспорттук жана айдоочулук курамды каттоо департаментинде кезек күткөндөр көбөйүп жатат

20 ноябрь 2018 18:05 912 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаарындагы Транспорт каражаттарын каттоо бөлүмүндө түшкө чейин эле электрондук негизде кезек күткөндөрдүн саны 137ге жетти. Арасында 2 күндөн бери жүргөндөр да бар. Мекеменин жооптуу кызматкерлери абалды программалык камсыздоонун үзгүлтүкө учурап жатканы менен түшүндүрүүдө. Мындай көрүнүш электорондук катоо башталган 1- ноябрдан бери уланып келет. Тармактык эксперттер алгачкы этаптарда иш шыр кетпесин, бирок жоопкерчилик деген чоң суроо бар экенин айтууда.

Жаңыдан ишке кирген  электрондук кызмат көрсөтүүнүн принциби боюнча мамлекеттик органдар-бири бири менен база аркылуу  маалымат алмашып каттоодон чыгарып койсо болоору белгилүү. Эмне үчүн мындай мүмкүнчүлүк пайдаланылбайт  деген  сурооголор дагы жаралууда.

Мекемеден билдиришкендей адатта дүйшөмбү жана шейшембиде   базардан кийин соода- сатык бүтүмдөр көп болуп кардарлардын саны  ар дайым арбын болот. Мындай учурду пайдаланган ортомчулар болоору коомчулукка маалым, бул көрүнүш бар экенин   Танспорттук жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин  Бишкек шаардык каттоо сынамык бөлүмүнүн  жетекчисинин орун басары Рустам Абылдабеков да четке какпайт. Бирок алардын мекеменин кызматкерлери менен түз байланышы жок экенин ырастады.

Ошол эле учурда маалымат базага кирбей  же туура эмес катталып калган учурлар,  бир эле унаага эки окшош номер берилип кеткен көйгөйлөр да жок эмес экени айтылды.

Мамлекеттик каттоо кызматындагы мындай көрүнүш бир эле Бишкек шаарында орун алып жаткан жок. Электрондук система бардык аймактарда үзүлтүкө учурап жатат.

Белгилей  кетсек Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Танспорттук жана айдоочулук курамды каттоо департаменти 1- ноябрдан тартып электрондук система менен иштеп баштады, бирок анын бардык бөлүмдүрүндө программасы маалы маалы менен үзүлтүкө учурап, бир жаранды тейлөөгө бир нечелеген убакыт кетип жатат. Андыктан  айрым жарандар эки күндөп зарыл болгон документтик жумуштарын бүтүрө албай убара тартып жүрөт.

Ссылка: https://barometr.kg/tansporttuk-zhana-ajdoochuluk-kuramdy-kattoo-departamentinde-kezek-ktkndr-kbjp-zhatat



Добавить комментарий