Тамада Эрнис Бөрүбаев тойго келем деп сөз берип, келбей коёбу?

17 ноябрь 2018 16:00 2058 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Акыркы жылдары Кыргызстанда той көбөйгөн сайын, тамадалык кесипти аркалагандар да көбөйдү. Ошондой тамадалардын бири Эрнис Бөрүбаев жергиликтүү гезиттердин бирине берген маегинде тойдогу кызыктуу окуялардан айтып берди. 

"Тойдо таң калтыра турган окуялар абдан көп болот. Аз күн мурун бир тойго тамадалык кылдым. Жаштар сейилдеп саат сегиз жарымда келишип менин тамадалык тажрыйбамдагы эң кеч башталган той ошол болду. «Жар-жар» менен кирип келаткан эки жаш кадимкидей эле тарткылашып, урушуп киришти. Элдин баары таң калып эле карап калышты. Төргө олтургандан кийин да уруштары токтогон жок, ата-нелери сүйлөп атышат, алар урушуп турушат. Уялганымдан жакын барып «тынч олтуруп тургула, той бүткөндө каалашыңарча урушасыңар» -деп араң тынчыттым. Көрсө, жигит достору менен кыздын үйүнө түшкү саат 12де эле барыптыр, кыз жасанып жүрүп саат беште даяр болуптур. Ошентип сейилдегенге убактылары тар болуп ресторанга кечигип келишиптир. Антракттан кийин табышып алышты окшойт, күлүп-жайнап олтуруп калышты".

Социалдык тармактарда тамаданын маегин окуган интернет колдонуучулар анын бир канча жолу келем деп келбей калганы тууралуу нааразылыктарын айтып калтыргандар болду. 

Ссылка: https://barometr.kg/tamada-ernis-brbaev-tojgo-kelem-dep-sz-berip-kelbej-koyobu



Добавить комментарий