Талибдердин чабуулунан кийин афган аскерлери Тажикстанга качып келишти

23 июнь 2021 12:37 2086 Barometr
Бөлүшүү:
ok

21-июнда талиб жоочулары Тажистан менен чектешкен Кундуз провинциясынын Шерхон-Бандар чек ара комиссариатын басып алышты.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы 22-июнга чейин уланган согушта афган өкмөтүнүн 134 аскери Тажикстандын аймагына чегинүүгө мажбур болушканын кабарлады.

Тажик чек арачылары аларды киргизүүгө уруксат беришкен.

Афганстандын өкмөттүк аскерлеринин арасында 4 адам жарадар болуп, бирөө көз жумду.

Кошумчалай кетсек, Афганистан менен Тажикстандын ортосундагы чек арадагы абал чыңалууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/talibderdin-chabuulunan-kijin-afgan-askerleri-tazhikstanga-kachyp-kelishti



Добавить комментарий