Талибдер Тажикстан менен чектешкен аймакты басып алды

23 июнь 2021 10:58 1532 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Талибан” кыймылынын жоочулары Афганистандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясынын стратегиялык жактан маанилүү районун көзөмөлгө алышты. Бул тууралуу жергиликтүү полиция маалымат таратты.

“Имам Сахиб районундагы согуш жекшеби күнү башталып дүйшөбү күнү түштө талибдер райондун штабын каратып алышты жана полицияны да көзөмөлдөгөнгө өтүштү”,-деп айтты провинциядагы полиция өкүлү Инамуддин Рахмани.

Имам Сахиб району Афганистандын Тажикстан менен чектешкен аймагында жайгашкан жана ал Борбор Азиядагы маанилүү жеткирүү каттамдарынын бири болуп саналат.

Кошумчалай кетсек,  АКШ менен НАТО өлкөдөн өз контингентин чыгарып кетүү процессин баштаган 1-майдан бери талибдер Афганистандын ондогон райондорун каратып алышты.Байкоочулар Афганистанда чет элдик аскерлер калбаса бийлик башына “Талибан” кыймылы согуштук аракеттер менен келет деген пикирлерин билдиришүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/talibder-tazhikstan-menen-chekteshken-ajmakty-basyp-aldy



Добавить комментарий