Таластагы куюн аралаш шамалдан үйдүн чатыры сыйрылып, электр карагайлары кулап калды
Бөлүшүү:
Таластагы Талды-Булак айылында куюн аралаш катуу шамал болуп, үйлөрдүн чатырын кулатып, электр каргайларын үзүп кеткен. Бул туурасында КР ӨКМ маалымдады.
Билдирмеге ылайык, 1-август күнү тункү саат 3:00 чамасында болгон шамалдын ылдамдыгы секундасына 20-26 метрге чейин жеткен. Анын кесепетинен 1 турак үйдүн 48 даана шиферин учуруп жана 2 даана электр зым карагайы кулап калды. Ошол эле күнү РЭТ мекемесинин кызматкерлери тарабынан үзгүлтүкө учураган электр энергиясы толук калыбына келтирилген.
Добавить комментарий ×