Таластагы чыккан өрттү өчүрүүгө ӨКМ, милиция, жергиликтүү элдер дагы аракет кылышууда
Бөлүшүү:
Талас облусунун Манас районундагы Алмалуу тоосунда куураган чөптөн жана бадалдардан чыккан өрттөн улам болжол менен 1000 га жакын аймак күйгөн. Бул туурасында КР ӨКМ билдирет. Билдирмеге ылайык, улам улам чыккан өрткө каршы Талас облустук башкармалыгынын ыкчам тобу 4 кызматкер жана 17 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 56 адам, токой чарбасынан 14 кызматкер, чек ара кызматынан 5 кызматкер, райондук ооруканадан 8, РИИБден 4 кызматкер, жалпы 108 адам болуп өрттү өчүрүү аракетин көрүп жатышат. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери дагы деле улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/talastagy-chykkan-rtt-chrg-km-miliciya-zhergilikt-elder-dagy-araket-kylyshuuda
Добавить комментарий ×