Таласта тез тамактануучу жайдан газ баллон жарылып, 11 адам жаракат алды (видео)
Бөлүшүү:
Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы коомдук тамактануу жайында газ баллон жарылып, 11 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ӨКМнин Талас облусундагы маалымат кызматы берген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жарылуу 4-январда саат 15:30 чамасында болгон.
Маалыматка ылайык, Кара-Буура аймактык ооруканасына ар кандай даражадагы күйүк алган 11 адам жаткырылды. Төрт адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.
Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.
Добавить комментарий ×