Жерүй: "Алянс Алтын" Таласта тѳѳ буурчактын үрѳнүн жаңылады

22 август 2019 14:39 2953 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

«Бакубат Талас» фонду Талас облусундагы Бакай-Ата аймагы боюнча тѳѳ буурчактын үрѳнүн калбына келтирүүдѳ $17 300 суммалык долбоорлорду колдогон. Бул тууралуу фонд маалымат берди. 

Белгилей кетсек, “Бакубат Талас” фонду “Альянс Алтын” ЖЧКсы тарабынан түзүлгөн. Ал компания өз кезегинде Жерүй кенин иштетүү укугун алган лицензияга ээлик кылат

Маалыматка ылайык, үтүбүздѳгү жылы Талас облусунун жетекчиси М.Мураталиев жана Бакай-Ата районунун акими Ч.Торокулов фондго демѳѳрчүлүк жардам кѳрсѳтүү суранычы менен кайрылган. Анда Турциядан тѳѳ буурчактын 1 сорттогу үрѳнүн алуу максатын кѳздѳлгѳнү жазылат.

Облус жетекчиси М.Мураталиев «Совет доору кулагандан кийин 30 жылдан ашык убакта бизде тѳѳ буурчактын үрѳнүн алмаштырган эмес»,-деди

Фонд каржылаган каражатка үрѳн алынганын кандай колдонгонун облус жетекчи мындай баяндады.

«Биз 5 тонна «Нурбан» сортундагы тѳѳ буурчакты алып келип эки районго септик. Жалпы аянты 20 гектарды түзѳт. Бул сорттун түшүмдүүлүгү 3-7 тоннага жетет. Эгер бул жылы дагы 10 гектарлык жерге үрѳн алып келсек, анда тѳѳ буурчактын баардык сортун жаңылыгын болобуз. Анда биздин дыйкандарда маселе болобойт», - деп кошумчалады ал.

Түшүмдү жыйноо маалы сентябрга белгиленген.  

Ссылка: https://barometr.kg/talasta-t-buurchaktyn-rn-zhaylandy



Добавить комментарий