Таласта кудук казып жаткан кишини топурак басып калды. Ал окуя болгон жерден каза болду
Бөлүшүү:
Таласта кудук казып жаткан адамды топурак үстүнөн басып калды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.
Берилген маалыматтарга ылайык, 21-январь күнү саат 11:31 чамасында А.Огомбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйүнүн короосунда 1977-жылы туулган А. Н. аттуу жаран кудук казып жаткан учурда топурак урап кетип басып калган. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде жаран каза болгон.
Таластагы өрт –куткаруу кызматынын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин чуңкурдан казып чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Добавить комментарий ×