Таласта каналдын суусу үч турак үйдү, 17 короону каптады
Бакай-Атада каналдын суусу нугунан чыгып 3 турак үйдү каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 1-октябрда Бакай-Ата районунда саат 06:00 чамасында Биринчи Май айылынан өткөн Талас каналын суу жеп, суунун нугу сел өтүүчү каналдан ашып 3 турак үйдүн короолорун жана 17 турак үйдүн огороддорун каптаган.
Жерине КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, райондук суу чарба башкармалыгынан 15 кызматкер, 1 самосвал, 1 экскаватор, 1 бульдозер, айыл аймактан 1 экскаватор, 1 самосвал жана жергиликтүү тургундардан 60 киши тартылы.
1-октябрь күнү тартылган күчтөрдүн жардамында суунун нугун бурушуп, каналдын жээктери бекемдөө иштерин жүргүзүшкөн, ал эми турак үйлөрдүн короолорун тазалоо иштери улантылат.
Ссылка: https://barometr.kg/talasta-kanaldyn-suusu-ch-turak-jd-17-koroonu-kaptady
Добавить комментарий ×