Таласта Чыңгыз Айтматовго арналган балдар фестивалы өтөт
Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени болгон Талас шаарында “Айтматов жана театр ааламы” деп аталган биринчи балдар фестивалы өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар билдирет.
Анда “Устат-шакирт” борборунун “Умтул” мектеп театрларынын тармагы даярдаган спектаклдер тартууланат. Иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине жана аймактарды өнүктүрүү жылына арналган. Конкурс Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театрынын базасында Кыргызстандын 13 мектебинин балдарынын катышуусунда 11-17-ноябрда өтмөкчү.
Андан сырткары, Тажикстандын Душанбе шаарындагы көркөм мектептин тарбиялануучулары жергиликтүү режиссер Бахтиёр Кахаровдун жетекчилиги менен келиши күтүлүп жатат
Ссылка: https://barometr.kg/talasta-chygyz-ajtmatovgo-arnalgan-baldar-festivaly-tt
Добавить комментарий ×