Талас облусундагы Алмалуу тоосунда өрт кайра жанданууда

31 июль 2018 22:30 750 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Талас облусундагы Алмалуу тоосунда чыккан өрттү өчүрүү иштери дагы деле улантылууда. Мындан бир нече күн мурда  Казакстан  менен чектешкен аймактагы Алмалуу тоосундагы  куураган чөптөн күйүп башталган өрт бүгүнкү күнгө чейин бирде толук өчүп, бирде кайрадан жанданып жаткандыгын өзгөчө кырдаалдар министрлиги айтууда.  Өрт  29-июлда толук өчүрүлгөн. Бирок кайрадан эле  түн ичинде  жанданып, Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 1500га куураган чөп күйгөн.Куткаруу кызматкерлери өрттү толугу менен кайрадан өчүрүшкөн.Ошол эле күнү дагы бир жолу түтөп,  Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 100га куураган чөп күйгөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/talas-oblusundagy-almaluu-toosunda-rt-kajra-zhandanuuda



Добавить комментарий