Талас Бегалиев Казакстандын көк бөрү командасына: "Эркекче ойнобойт белеңер, кайсы бетиңер менен барасынар элиңерге, уят!"
Көчмөндөр оюндарында Казакстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы Өзбекстандын командасына утулуп калды. Бул оюндан кийин көрүүчүлөр арасында “казактар атайын өзбек улакчыларына жеңилип берди” деген ача пикир жаралды.
Көк бөрү боюнча улуттук команданын мурдагы жетекчиси Талас Бегалиев эмоциясын кармана албай, казак туугандарга: "Эркекче кылбай койдуңар, жакшылап ойнобой койдуңар. Биз силердин бардык эрежелериңерге макул болуп, барына чыдап, сыйлап, эркекче ойноп бергенбиз. Намысыңар барбы? Эмне коркосуңар көк бөрүдөн? Өзбекстан өмүрү көк бөрү ойногон эмес. Эмне саясатты аралаштырасыңар? Оюн го"-деп мелдештин таза эмес өткөнүн айтты. Анын айтымында казактар кыргыздар менен ойнобош үчүн атайын Өзбекстанга утулуп калышкан. Ал эми өзбек курама командаларынын айтымында алар бул оюнга чыгыш үчүн абдан катуу даярданышкан.
Эске салсак, кечээ дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда казактардын курама командасы жарым финалда 4:5 эсеби менен Өзбектерге утулуп калышкан.
Оюндун видеосу бул жерде.
Добавить комментарий ×