Талант Мамытов Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт
Бүгүн, 24-декабрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов коопсуздук кеңештин жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Ал жыйынга мамлекеттик органдардын айрым жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери катышышат.
Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында президенттик шайлоо учурунда коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо маселеси, ошондой эл КРнын стратегиялык объектилеринин тизмесине сунуштамалар каралат.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жана ички иштер министри Улан Ниязбеков республика аймагында коронавирус инфекциясы шартында КРнын Президентинин кезексиз шайлоосун уюштуруу жана өлкөдө мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жаатында аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат беришет.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо-24» телеканалында жана социалдык тармактардагы баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/talant-mamytov-koopsuzduk-keeshinin-zhyjynyn-tkrt
Добавить комментарий ×