Депутат Таабалды Тиллаев: "Мен карапайым пенсионерлер жөнүндө эмес, очойгон айлык алган укук коргоо органдары тууралуу айткам"

16 ноябрь 2018 16:15 3621 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев пенсионерлер тууралуу айткан сөзүнө түшундүрмө берди. 

Ал: "Мен карапайым пенсонерлерди айткан жокмун, укук коргоо органдарында иштеп 35,40 жаштан эле пенсияга чыгышат. Дагы деле иштеп жүрүшөт. Бажы тармагында, сот тармагында көп акча алышат. Алардын айлыктары 30-40 миңден жогору. Мен ошолор тууралуу айткам"-деди.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат иштеген пенсионерлер же айлыгын, же пенсиясын алсын деген сунуш киргизген. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары пенсионерлер иштебестен жалгыз пенсиясын карап отурса кантип жашайт деп айраң-таң калып, депутатты тилдегендер дагы чыккан.

Ссылка: https://barometr.kg/taabaldy-tillaev-men-karapajym-pensionerler-zhnnd-emes-ochojgon-ajlyk-algan-ukuk-korgoo-organdary-tuuraluu-ajtkam



Добавить комментарий