Резервдик фонддон бөлүнгөн каражатты Сузактагы СЭКБнын кызматкерлери ич ара бөлүшүп алышкан

16 июнь 2020 12:25 1251 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сузак райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери жана башкы бухгалтери COVID-19 илдетин алдын алуу иштерине бөлүнгөн 300 000 сом акча каражатын ич ара бөлүп алышкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү Башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында, Сузак райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери жана башкы бухгалтери тарабынан облусттук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын резервтик фондусунун бюджетинен, COVID-19 илдетин алдын алуу иштерине бөлүнгөн 300 000 сом акча каражатын Сузак райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлерине айлык маянасынын көтөрүлгөн сыяктуу же башкача айтканда материалдык жардам катары бөлүштүрүшкөн.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “резерв фондусунун акча каражаттарын колдонуу” тууралуу жарлыгына ылайык бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине айлык маянасын көтөрүүгө тыюу салынат.

Аталган факт боюнча Жалал-Абад ИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жазык кодексинин 320 беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып сотко чейинки тергөө амалдары жүрүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-kyzmat-abalynan-kyyanattyk-menen-pajdalanuu-faktysy-kattalgan



Добавить комментарий