Суусамырда кар жаады

10 сентябрь 2019 09:27 1558 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 10-сентябрда түндө Суусамыр өрөөнүндө кар жаады. Бул тууралуу социалдык тармакта жарыяланды. 

Маалыматта, кардын калыңдыгы 10-15 см жетип, Аба ырайы суук болуп жатат.

Кечээ, 9-сентябрда Кыргызгидромет 10-сентябрда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн экендигин кабарлаган.

Ал эми Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы аба ырайы өзгөргөнүнө байланыштуу Төө-Ашуу ашуусунда жол тайгак болуп жатканын эскерткен. Ашуудан өтө турган айдоочулар мындай кырдаалга унааларын даярдашы керектиги (дөңгөлөк, керектүү каражаттар) айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/suusamyrda-kar-zhaady



Добавить комментарий