Сууга чөккөн өспүрүм куткарылды
Бөлүшүү:
Сууга чөгүп бараткан бала куткарылды. 14 жаштагы өспүрүмдү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй аймагындагы №1 Өрт-куткаруу кызматынын кызматкерлери аман алып калышкан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Окуя кечээ Чүйдүн Ленин айылындагы Комунар көчөсүнө жакын жердеги көлмөдө болгон. Бала муз үстүндө ойноп жатып сууга түшүп кеткен. Бул боюнча ӨКМге кабар келер замат 5 мүнөттүн ичинде жерине жетип, бала куткарылган. Чөгүп кетпөөнүн амалында жээктен 20 метрдей аралыкта музду кармап турган балага аркан ыргытылып, куткарылган.
учурда баланын абалы туруктуу экенин ӨКМ өкүлдөрү билдирет.
Ссылка: https://barometr.kg/suuga-chkkn-sprm-kutkaryldy
Добавить комментарий ×