Сууга чөгүп каза болгондор көбөйдү. Баткенде дарыяга агып кеткен кишинин сөөгү табылды

29 июнь 2022 15:50 757 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткендин 56 жаштагы тургуну Өзбекстандын аймагына барып, сергип алуу максатында дарыяга түшүп агып кеткен. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, кырсык 28-июнь күнү болгон.

"Баткен районунун Ак-Турпак айылынын 63 жаштагы Ж.Ж.аттуу тургундун бузулган тракторун  айылдашы 56 жаштагы Г.М. менен чогуу оңдоп бүтүп, Өзбекстан республикасынын Фергана облусунун Риштан районуна караштуу Чоң-Кара айылында жайгашкан Жигит-Пиримдеги тамактануучу жайга барып тамактанышкан. Анан, спирт ичимдиктерин ичишкен. Тамактангандан соң 56 жаштагы Г.М. бир аз сергүү максатында чайханадан 450-500метр алыстыктагы “Кожошкен” дарыясына кеткен бойдон дайынсыз болгон. Артынан издеп барган шериктери дарыянын боюнда Г.Мдин чечип койгон кийимдери менен анын кол телефонун көрүп, милицияга кабар берген. Окуя болгон жер  Өзбекстан  республикасынын Фергана облусунун Риштан районуна караштуу болгондуктан Риштан РИИБнүн милиция  кызматкерлери келип, издөө иштерин жүргүзө баштайт.

Аталган окуя боюнча Баткен РИИБнин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, Баткен райондук ӨКМ кызматкерлери биргеликте издөө иштерин жүргүзүп, 29-июнь күнү эрте менен 56 жаштагы Г.Мдин жансыз денеси “Кожошкен” дарыясынан табылып, соттук медициналык экспертиза дайындалган.

Бирок, маркумдун туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан. Азыркы күндө тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/suuga-chgp-kaza-bolgondor-kbjd-batkende-daryyaga-agyp-ketken-kishinin-sg-tabyldy



Добавить комментарий