Аксыда сууга чөккөн баланын сөөгү Өзбекстандан табылды

29 июнь 2020 10:24 1152 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нарын дарыясына чөгүп кеткен баланын сөөгү Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Окуя 14-июнда Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында катталган. Анда Нарын дарыясына түшүп кеткен 17 жаштагы бала изделип келген.

24-июнуна чейин КР ӨКМнин куткаруучулары тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок натыйжа болгон эмес.

28-июнь күнү Өзбекстандын аймагынан жергиликтүү тургундар тарабынан белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылып жогорудагы сууга аккан адам экендиги аныкталган. Саат 15:00дө маркумдун жансыз денеси Өзбекстандын чек-ара кызматы тарабынан туугандарына өткөрүлүп берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/suuga-akkan-balanyn-denesi-tabyldy



Добавить комментарий