Сургут - Ош багыты боюнча дагы 160 жаран кайтып келди
Кече, 25-августта Кыргызстанга Сургут - Ош багыты боюнча «Авиа Траффик» компаниясынын чартердик каттамы учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Кыргызстанга Россиядан жүз алтымыш КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Россиянын Ханты-Мансийск жана Ямало-Ненецк автономдук округдарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын берген жеке арыздарынын негизинде Россия Федерациясындагы КР Элчилигинин Сургут шаарындагы Канцеляриясы тарабынан кыргыз диаспора уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте түзүлгөн.
Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргызстанга кайтарып келүү иштери улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/surgut-osh-bagyty-boyuncha-dagy-160-zharan-kajtyp-keldi
Добавить комментарий ×