Сурабалдиева: Азыркы министрлердин сейфтеринен Зилалиевдикиндей кылып 900 миң доллар табышпайбы?

2 май 2019 13:30 1137 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңеште бүгүн Кыргызстандагы уран кендерин иштетүү боюнча маселени талкуулап жатышат. Белгилүү болгондой Бишкекте жана Ысык-Көл областында Кызыл-Омпол кенин иштетүүгө каршы митинг өттү.  

Бүгүн өкмөт мүчөлөрү, негизинен вице-премьер-министр Кубатбек Боронов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

Парламент депутаты Элвира Сурабалдиева Мамлекеттик геологиянын башчысы болуп турганда Дүйшенбек Зилалиев 600гө жакын кендерге лицензия бергенин белгилеп өттү.

“Зилалиевдин сейфинен андан кийин 900 миң доллар таап чыгышты. Азыркы министрлердин сейфтеринен 900 доллардан таап чыгышпайбы?”,-деп сурады Сурабалдиева Бороновдон.

 “Азыркы өкмөт бир дагы лицензия берген жок. Биздин министрлер андан алыс”,-деп жооп берди Боронов.

Ссылка: https://barometr.kg/surabaldieva-azyrky-ministrlerdin-sejfterinen-zilalievdikindej-kylyp-900-mi-dollar-tabyshpajby



Добавить комментарий