Студент кыз каалоочуларга колтугун жыттатып акча табат, кирешеси 1700 доллар

8 апрель 2019 10:37 17192 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“21 жаштагы студент кыз ич кийимдерди дүңүнөн сатып алат жана ар бирин 90 фунттан сатат. Бул ишинен жалпысынан бир айда 1300 фунттун (1700 доллар) тегерегинде киреше табат.Кыз ич кийимин сатыш үчүн  интернет дүкөнгө коет жана тапкан акчага студенттин контрагын төгөт. Андан тышкары колтугун жыттатып дагы акча табуу жолдорун уюштурган”,-деп жазат kratko-news.com.

Ал ар бир ич кийимдин баасы аны канчалык көп кийгенине жараша болорун айтты. Көбүрөөк акчага сатып алуучу сатуучунун бул ич кийимди кийип түшкөн сүрөтү менен кошо алат.

Нью-Йорктук студент кыз бул стандарт эмес идея анын башына фотомедель болуп жүргөндө келгенин билдирди.Бул учурда көрүүчүлөр анын ички кийимине көп кызыгышаарын байкаган. Ал кийген ич кийимди аялдар алабы же эркектер алабы так айтылган жок.

Ошондой эле аны ушунчалык каалаган кардарларга колтук жыттатуу деген дагы бизнеси бар. Бул үчүн ар бир  кардардан 350 доллар табарын билдирди. Бирок бул дайыма эле боло бербейт.

Ошондуктан бул иштеринен тышкары кыз официантка болуп  иштейт.Кээде бош убактысына карап иттерди сейилдетип каражат табууну да өздөштүргөн.

Ссылка: https://barometr.kg/student-kyz-kaaloochularga-koltugun-zhyttatyp-akcha-tabat-kireshesi-1700-dollar



Добавить комментарий