Стилист Замира Молдошева Сузакта кордолгон аялдын номурун таап берүүнү өтүнүүдө

15 июнь 2020 15:45 2199 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык тармактарга аялынын моюнунан дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып жаткан үрөй учурган видео тараган. Чуу жараткан видеону көргөндөр ар тараптуу пикир айтылып, алардын ичинде эл оозуна алынып келинген инсандар да өз пикир калтырышууда.

Алардын бири стилит-дизайнер Замира Молдошева: “Бугунку жанылык- бул Сузактагы болгон окуядан кийин аялы "доом жок" деген арызын жазыптыр. Биз эч кимибиздин акыбыз жок, ал айымды күнөөлөгөнгө,себеби башка жашоону көргөн эмес,себеби жолдошунун туугандары келип туш тараптан талап атып жаздырышты. Ооба баарыбыз эле боорубуз ооруп жатат, бирок эмнегедир эч кимибиз кол сунуп жардам кылгыбыз келбейт. Чоң сураныч мага киминер жардам бере аласынар ушул айымдын телефонун таап бергенге, мен аябай сүйлөшкүм келип жатат, сураныч”.

Бул тууралуу алып баруучу Назира Айтбекова дагы пост жазган. “Кеп тагдырда, же кеп сабап аткан ошол эрте да эмес. Кеп өзүңдө. Сенин тегерегиңдегилерге берген уруксатыңда. Мойнуңа мингенге, сөккөнгө, төпөштөгөнгө, шылдыңдаганга, маскарапоз кылганга уруксат берип атсаң эгер, башкаларга күнөө асканга, жашоого шылтап ыйлаанга акың жок. Ар бир аял ханыша болуп жашаганды же күң болуп, тепки жегенди тандай алат. Кеп сенин тандооңдо. Өзүндү эмнеге ыраа көрөсүң? Канчалык баалайсың? Эрим, кайын энем жаман деп наалыгандан көрө менчи, мен ошондой мамилеге кантип татып атам жана эмне үчүн ал нерсеге уруксат берип жатам деп ойлон!”.

Учурда бул окуя тууралуу Өкмөт Сузактагы үй-бүлөлүк зомбулук фактысын өз көзөмөлүнө алганын билдирген эле.

Белгилей кетсек, окуя 2020-жылдын 8-июнь күнү 11:00 чамаларда Сузак районундагы айылдардын биринде болгон. Анда Сузак районунун 1969-ж.т. тургуну Б.З. үйүндө 1973-ж.т. М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, колун байлап, чакалап суу чачып сабап жаткан видеосу тараган. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялына зомбулук көрсөткөн адам 13-июнда 15 күнгө убактылуу кармоочу жайга камралган.

Ссылка: https://barometr.kg/stilist-zamira-moldosheva-suzakta-kordolgon-ayaldyn-nomurun-taap-bern-tnd



Добавить комментарий