Кыргызстанда 44 айылга таза суу киргизилет
Ушул жылдын аягына чейин 44 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылып жатат. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков менен Аскарбек Токтошев жолуккан учурда билдирди. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев бүгүн, 18-сентябрда мамлекет башчыны ирригация жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү туралуу маалытат берди.
Анда Сооронбай Жээнбеков бул максаттарга гранттык каражаттарды тартуу боюнча жумуштарды күчөтүп, бардык иштер сапаттуу аткарылышы керек экенин айткан.
Ошондой эле кийинки жылга карата ири инфратүзүм долбоорлорунун ичинде Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына кошумча 1800 гектар сугат жерин киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн Арка массивине суу өткөрүүгө дюкер куруу зарылдыгы белгиленди. Буга керектелген 1,9 млрд. сомдун бир бөлүгү республикалык бюджетке 2020-жылга каралат. Калган бөлүгү эл аралык финансылык институттардын каражаттарынын эсебинен тартылат.
Ссылка: https://barometr.kg/stbzdg-zhyly-44-ajyl-taza-suu-menen-kamsyz-bolooru-plandaluuda
Добавить комментарий ×